Сегиз манасчы эки бөлмөлүү үйлүү болду

Кечээ, 4-декабрь "Манас" күнүндө 8 манасчы эки бөлмөлүү үйлүү болушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков билдирди.

Анын айтымында жеке ишкер Нургалы Асаналиев сегиз манасчыга 2 бөлмөлүү үйдүн документтерин тапшырган. Ага ылайык, манасчылар Талантаалы Бакчиев, Замирбек Баялиев, Самат Көчөрбаев, Улан Исмаилов, Асанаалы Калил уулу, Дөөлөт Сыдыков, Нурбек Талантбеков, Үмөт Дөөлөт уулу ак өргөөлүү болушту.

Ошондой эле өнөр адамдарына Жогорку Кеңештин жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

Мындан сырткары Улуттук "Манас" театрына ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан автоунаа тапшырылганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан