Бишкекте түнкү клубда ок атууга шектүү жарандар кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-декабрда райондук милицияга Ж.Т. аттуу жаран кайрылып, ошол түнү болжол менен саат 03:30да Ч.Валиханов көчөсүндөгү түнкү клубда пикир келишпестиктен улам белгисиз адамдар травматикалык курал колдонуп денесине залал келтиргенин айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 1985-жылы туулган З.М. жана 1988-жылы туулган М.В. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
voennyi88
2022-12-05 12:34:00
Жашынар деле бир топко барып калыптыр. түнкү клубка бок барбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан