Орусиядан унаасы менен чогуу келип, андан кийин аны өлтүрүп салганга шектүүлөр кармалды (фото)

Өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө алынып, Бишкек шаарында жашырынып жүрүшкөн 32 жаштагы Ж.Т. жана 24 жаштагы А.М.. Учурда кылмышка шектүүлөр кармалып, Токтогул районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти ИИМден.

Эске салсак, 2022-жылдын 20-июнунда милицияга арыктан киши колдуу каза болгон белгилери бар европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иш козголгон. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө каза болгон адамдын аты-жөнү такталып, ал 44 жаштагы Д.К. болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын июнь айында жаран Д.К. өзүнүн унаасы менен шектүүлөр Ж.Т. жана А.М. менен биргеликте Орусиянын аймагынан чыгып кетишкен. Алар Кыргызстанга келгенден кийин, Д.Кны өлтүрүп, унаасын уурдап кетишкен. Ыкчам кызматкерлер унааны табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан