"Катар-2022": Англиянын негизги оюнчусу тоноодон улам үйүнө кетти

Футбол боюнча Англия курама командасынын жарым коргоочусу Рахим Стерлинг Улуу Британиядагы үй-бүлөсүнө жана үйүнө кол салуу болгондугуна байланыштуу Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунан кетти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, футболчу 4-декабрда өткөн 1/8 финалдагы Англия-Сенегал беттешинде улуттук курамада болгон эмес. 5-декабрда эртең менен ал үй-бүлөсүнүн жанында болуу үчүн Англияга учуп кеткен.

Сенегалды 3:0 себинде уткан Англия Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты. Анда бул курама учурдагы Дүйнө чемпиону Франция менен кез келет. Бул оюн 11-декабрь күнү саат 01:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан