"Тамашоучу" Актилек Айдаров апасына унаа белек кылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Кудайга чексиз шүгүрлөр болсун. Көптөн берки ниетибиз ишке ашып отурат. Апаке, бул эң кичинекей белектерден болсун. Ар дайым сүйүнүчтүн көз жашы болсун. Биздин маңдайыбызда бар болуңуз, биз сизди жакшы көрөбүз. Аллахым мындан дагы чоң белектерди насип кылсын”,- деп жазды Актилек Айдаров.