Чүйдө көк бөрүдөн келе жаткан улакчы каза болду

Чүй облусунун Жайыл районунун Орто-Суу айылындагы арыкта эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жансыз денеси табылган жаран Айдарбек айылынын тургуну 1987-жылы туулган Д.Б. экендиги такталган. Суралган туугандарынын айтуусу боюнча аталган жаран 2022-жылдын 2-декабрь күнү Орто-Суу айылында өткөн тойдун көк бөрү оюнуна катышкан. Өткөрүлгөн оюнда жүргөн адамдар Д.Б. мас абалында болгонун билдиришкен.

Өлүмдүн эмне себептен келип чыгуусун тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2022-12-05 19:59:00
Арак баары бир өз ишин кылды, Аллахым сурактын женилинен кылсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан