Бүгүн, 5-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалынын беттеши орун алып, анда Япония менен Хорватия курама командалары беттешти. Командалар Эль-Вакра шаарындагы "Эль-Жануб" стадионунда жолугушту.
Беттештеги алгачкы гол 44-мүнөттө ачылды. Анда бурчтан чыгарылган топту Дайзен Маэда дарбазага таамай багыттап, Японияны алдыга чыгарды. Тыныгуудан кийинки голду Иван Перишич киргизди. 33 жаштагы чабуулчу башы менен гол жаратты.
Кошумча мүнөттөрдө командалар гол киргизе алышкан жок. Оюн пенальтилер сериясына чейин жетип, анда Хорватия 3:1 себинде жеңишке жетти.
Муну менен Хорватия Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.