Бишкектеги Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 6-сезонунун чейрек финалы башталды

Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 6-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнү старт алды. Анда 14 команда “Карапули” жана “Фристайл”  тапшырмалары  боюнча  өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Анда “Нацстан”, “Бороондуу Балыкчы”, “Вукинги”, “Чолпон”, “Рота”, “БГУ”, “Кыргыз двор”, “Кырк чоро”, “Бишкек”, “IUK”, “Айым стайл”, “Талас”, “НКБ” жана "No Name" командалары ат салышат. Калыстар тобунун мүчөлөрү ырчы Омар, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, "Мегаком" командасынын өкүлү Улан Барпиев, спортчу Нурлан Эралиев, стилист Замира Молдошева, юрист Жоомарт Жолдошев жана ырчы Урмат Усенов болсо, алып баруучулукту Эрмек Нурбаев аркалап жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан