"Катар-2022": Атактуу футболчу Неймар түнү менен ыйлаганын айтты

Бразилия курама командасынын жылдызы Неймар Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда жаракат алгандан кийин түнү бою ыйлап чыккан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

30 жаштагы футболчу Сербия менен болгон беттеште жаракат алып, тайпалык баскычтагы кийинки эки оюнга катышпай калган.

"Мен абдан корктум, анткени чемпионат башталганда өзүмдү жакшы сезип жаткам. Андан кийин эле... Меникиндей жаракат алуу өтө кооптуу. Мен ошол күнү түнү бою ыйладым. Менин үй-бүлөм башымдан өткөргөндөрүмдү билет. Азыр баары ойдогудай болду. Туура, бул үчүн болгон күчүмдү жумшадым", - деген Неймар.

Бразилия курама командасынын лидери 1/8 финалда Түштүк Кореяны жеңүүгө жардам берди. Тагыраагы, ал пенальтиден гол киргизип, Винисиус Жуниорго гол киргизүүгө жардам берди.

Бразилия чейрек финалда Хорватия менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан