Чүйдө тургунду 60 миң долларга алдап кеткенге шектелип 42 жаштагы аял кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жергиликтүү тургунду ири суммадагы акчага алдап кеткен дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын июнь айында милицияга Г.Р аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал Ленин айылында анын ишенимине кирип, 60 миң доллар акчасын алып кеткен жарандарга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Ч.И аттуу жаран кармалган. Бирок анын шериктеринин жүргөн жери белгисиз болуп келген.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка 1980-жылы туулган К.Ю. аттуу жарандын катыштыгы бар экендиги аныкталган. Учурда шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти облустук милициядан.

Учурда тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан