Сокулукта почта кызматкерлери дээрлик 1 миллион сомду кымырып алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.
Кабарлангандай, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, жөлөк пул жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Анын натыйжасында 985 миң 651 сом акча каражатты аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери кымырып алгандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Анда филиалдын башкы эсепчиси А.С., котормо оператору А.А. жана чарба жагынан бөлүм башчысы Э.И. төлөмдөрдү өздөрүнө кымырып алгандыгы белгилүү болгон.
Алар Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен айыпкер катарында жоопкерчиликке тартылды.
Тергөө учурунда келтирилген 985 миң 651 сом зыян толугу менен өндүрүлгөн.