Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.
Жумгал районунун Байзак айылындагы Жанчаров көчөсүндө Merсedes-Bens үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрт өрт коопсуздук талаптары туура сактабагандыктан келип чыкканы кабарланды.
Ал эми Ноокат районундагы Муркут айылында жалпы аянты 225 чарчы метр үй толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыкканы айтылды.