Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жарандары Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 6-декабрь күнү Кыргызстандын Ички иштер министрлигине караштуу Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды кармоо боюнча биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү.
Анын натыйжасында эл аралык издөөдө жүргөн 1963-жылы туулган L.Y. жана 1967-жылы туулган SH.G. аттуу Кытай жарандары кармалды.
Алар 2020-жылдан бери Шэньси провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан Кытайдын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (Калктан аманаттарды мыйзамсыз тартуу) боюнча экономикалык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Алар финансылык көз боёмочулук жолу менен 40тан ашык жарандын 17,44 миллион юанын (болжол менен 2,5 миллион доллар) ыйгарып алышкан.
Учурда кармалган жарандар Ош шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларды экстрадициялоо маселеси менен компетенттүү органдар алектенүүдө.