Ош шаарында унаадан акча уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жаран мурда бир нече ирет соттолгон.
"Кармалган жаран Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө убактылуу жашап турган 1985-жылы туулган М.З. Мурда уурулук жасагандыгы үчүн соттолгон. Ал ушул жылдын 19-ноябрь күнү Ош шаарынын Ош көчөсүндө токтоп турган Матиз үлгүсүндөгү унаанын ичинен 30 миӊ сом акча, кышкы 2 күрмө жана 2 даана кышкы бут кийимдерди уурдап кеткен. Бүгүнкү күндө шектүү М.З. тарабынан ушул сыяктуу дагы 3 уурулук жасагандыгы аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда шектүү Ош шаарындагы №5 абакта кармалууда. Аны тергөө иштери аяктаганча абакта кармоо боюнча шаардык сот чечим чыгарды.