Бельгиянын атактуу футболчусу улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктады

Мадриддик "Реал" жана Бельгия улуттук курама командасынын чабуулчусу Эден Азар улуттук курама командадагы карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады.

"Сиздин теңдешсиз колдооңуздар үчүн рахмат. 2008-жылдан бери чогуу өткөргөн бардык сонун көз ирмемдер үчүн рахмат. Бүгүн мен эл аралык карьерамды жыйынтыктоону чечтим. Кийинки муун даяр. Мен силерди сагынам”, - деп жазды футболчу социалдык тармактагы баракчасына.

Эден Азар 2008-жылдын 19-ноябрында Бельгия курама командасында дебют жасаган. Жалпысынан ал улуттук курамада 126 оюн өткөрүп, 33 гол киргизип, 36 жолу голдук пас чыгарып берген. Анын ичинен 56 жолу команда капитаны катары талаага чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан