Бишкекте Заурбек Сидаков баштаган Олимпиада чемпиондору күрөшөт

Бишкекте "Поддубный Эл аралык күрөш лигасы" аттуу эл аралык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу күрөш федерациясы кабарлады.

Турнир Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 20-декабрь күнү өтөт.

Турнирге орусиялык Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү Заурбек Сидаков менен Заур Угуев, Олимпиаданын медаль ээлери Артур Найфонов (Орусия), Амир Заре (Иран), Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан), Дүйнө чемпиондору Малхас Амоян (Армения), Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан), Азия чемпиону Үзүр Жузупбеков (Кыргызстан) жана башка балбандар катышат.

Ошондой эле бул турнирде бир нече жаңы чыгып келе жаткан балбандар килемге чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан