Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар Нарын шаарынын А.Н. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, кармалган жаран жогорудагы тыюу салынган агымдын идеяларын активдүү жайылтып жүргөн.
Ушул жылдын 5-декабрында атайын кызмат тарабынан ыкчам иш-чаралар көрүлүп, облустук дин кызматкерлери менен биргеликте А.Н. карата алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында, ал тандап алган жолунун туура эместигин эл алдында моюнуна алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышуудан баш тартты.
УКМК тарабынан экстремисттик көз караштардын алдын алуу жана “Йакын-Инкар” диний экстремисттик агымдын мүчөлүгүнөн чыгарууга багытталган иштер улантылат.