Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 6-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнү өтүүдө. “Карапули” сынагында “Нацстан” курама командасы жеңишке жетти. Мындан сырткары бүгүн "Фристайл" сынагы болот жана көп упай топтогон командалар жарым финалга жолдомо алышат. "Карапули" же ырга айланган тамашалар:
“Нацстан” курама командасынын тамашасы: Күйөөсүнүн түшүнө жылан кирип жатат. Оролуп ай оролуп, оролот го мойнума. Бара-бара келет менин койнума. Чочуп көзүмдү ачсам, жанымда жатат эки буттуу кобра.