Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 7 мүчөсү кармалды

"Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, атайын кызмат Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун Бишкек шаарынын аймагында иштеген "жаштар канатынын" көмүскө ишмердүүлүгү токтотулду.

“Хизб ут-Тахрирдин” токтотулган көмүскө мүчөлөрү Кыргыз жарандары Д.Б., Б.Б., М.Н., Ж.А., Ж.А., М.Ы. жана З.А. борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин арасынан “Хизб ут-Тахрир” уюмунун катарына жаңы тарапташтарды чакыруу жана даярдоо менен алектенген, жаңы тарапташтар тыюу салынган уюмдун катарына киргенден кийин келечекте мамлекеттик структураларга орношуп, экстремисттик идеологиянын жайылышына көмөкчү болушмак", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Уюмдун мүчөлөрү конституцияга каршы материалдарды окутуу боюнча үзгүлтүксүз жашыруун сабактарды өткөргөнү белгилүү болду. Мындан сырткары экстремисттик материалдар электрондук форматта, анын ичинде Интернет аркылуу (социалдык тармактар жана фейк аккаунттар) таратышканы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, уюмдун мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде “Хизб ут-Тахрир” уюмуна тиешеси бар делген көп сандагы электрондук материалдар, баракчалар, ноутбуктар, планшеттер, смартфондор жана флеш-карталар табылып алынды.

Алынган материалдарга жана электрондук алып жүрүүчүлөргө комплекстүү экспертиза дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында көмүскө ячейканын 7 мүчөсү кармалды. “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун жаштар канатынын лидерлеринин бири болгон Д.Б. аттуу жаран тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

"Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 7 мүчөсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан