Кызыл-Кыя шаарында 63 жаштагы тургундун үйүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө караганда, Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын 63 жаштагы Б.Т. аттуу тургунун турак үйүнөн жана анын кийип турган кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү баңгизатка окшогон өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 45 граммга жакын зат табылып алынды.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Экспертизанын жыйынтыгында жарандын үйүнөн алынган зат марихуана баңгизаты экендиги аныкталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.