“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон 41 жаштагы жаран өзүнүн 37 жаштагы Б.С. аттуу шериги менен Ош шаарынын аймагынан кармалышты.
Кармалган жарандар Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 11-ноябрына караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде бир нече адам эки жигитти бычак менен коркутушуп, ур-токмокко алып, андан соң кылмыш болгон жерден изин жашырып кетип калышкан.
Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.