"Бири шаардык кеңештин депутаты". Боом капчыгайында 5 миллион сомдон ашуун каражатты уурдаган шектүүлөр кармалды

Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү уурулук жасаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 17-ноябрь күнү милицияга Каракол шаарынын К.Е. аттуу 43 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен түнкү саат 02.00 чамасында автобустун айдоочусу Ч.А. Каракол-Бишкек каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташып, Боом капчыгайында жайгашкан жол жээгиндеги кафелердин бирине токтогондугун билдирген.

Айдоочу жана жүргүнчүлөр кафеге тамак ичкени киришкенде, белгисиз адамдар ушул учурдан пайдаланып автобустагы жашыруун сейфти ачып, 53 даана кагаз конвертине салынган 5 миллион 200 миң сомго жакын акча каражатын уурдап кетишкен.

Арыз ээсинин айтымында, уурдалган акчаны Каракол шаарынын тургундары Бишкек шаарындагы тааныштарына жеткирип берүү үчүн айдоочуга беришкен.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан акча уурдоого шектелген эки адам аныкталып, милиция тарабынан кармалган.

Алар Каракол шаарында жашаган 19 жаштагы В.И. жана Ю.Р. аттуу жарандар болуп чыкты. Ал эми үчүнчү шектүү 27 жаштагы Каракол шаарынын тургуну, шаардык кеңештин депутаты К.М.ге мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

Кармалгандардын айтымында, алар мурда жүк ташуучу болуп иштеген. Бул автобуста кээде Каракол шаарынын ишкерлери Бишкек шаарынан товар сатып алуу үчүн акча каражаттарын салып жибере турганын билишкен.

"Мындан улам В.И. жана Ю.Р. акча каражаттарын уурдоону көздөп, аны ишке ашыруу үчүн шаардык кеңештин депутаты К. М.га да сунушташкан. Ал дагы алардын ойлогон кылмыш аракетине каршы болбой, макул болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян толугу менен кайтарылып берилген.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр камакка алынган.

Ошондой эле милиция тарабынан изделип жаткан 27 жаштагы К.М.нын жүргөн жери тууралуу маалыматка ээ болгон жарандарды 0703937656, 0556898966, (03922) 5-45-50 же 102 байланыш телефондору аркылуу кайрылууну өтүнүшөт.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан