Нарындын Жумгал районунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, ушул жылдын 7-декабрында "Саяк" каймана аты бар К.М. жана "Мики Чор" каймана аты бар Ж.М. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды.
Алардын "Кара-Кече" кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги аныкталган.
Эскерте кетсек, буга чейин күз-кыш жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги "Кара-Кече" көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган.
Ошентип К.М. жана Ж.М. ушул жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.
Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иш-чаралары уланууда.