Кадамжайда чет өлкөдө издөөдө жүргөн жаран кармалды

Баткендин Кадамжай районунда чет өлкөдө издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Орусияда ушул жылдын 2-декабрынан бери аталган өлкөнүн К.Л. аттуу 26 жаштагы жараны издөөдө жүргөн. Ал башка бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо фактысына шектелген.
"Жогоруда аталган жаран 7-декабрь күнү Баткен облусунун аймагынан аныкталып, кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тиешелүү иш кагаздары толтурулуп, экстрадициялоо жагы каралып жатканы кабарланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан