Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 6-сезонунун чейрек финалы өтүүдө. Азыркы тапта командалар "Фристайл" сынагы боюнча таймашууда. “Вукинги”, “БГУ”, “Талас” "НКБ" жана "No Name" командалары мыкты тамашалары менен көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты.
"No Name" курама командасы пародия менен баштады.
- Э, не кыласың Лейлектеее?
-Эмне, Лейлекте иш жок бекен, пияз ото, сабиз ото
-Алып кетем Бишкекке
-Эмне, Бишкек чоң энеңдин үйүбү?
"НКБ" курама командасы: Айылдыктар Бишкекте.
- Жүрү, жеңемдин үйү 8-кабатта, лифтке чыгалы.
-Э, менин акчам жок да.
-Койсоңчу, ушул кантип болсун?
-Чын акчам жок.
-Мен кантип эле сени жолго калтырайын, мен төлөйм.
"No Name" курама командасы: Лифтте болгон окуя.
Кыз: - Мен 13-кабатка көтөрүлөм. Сиз кайсы кабатка чыгасыз?
Бала: - Мен 12-кабатка. Анда чогуу чыгалы.
Лифт токтоп калат.
Кыз: - Мен жардамга чакырайын,- деп баскычты басат.
- Алло, жардамга! Биздин лифт токтоп калды.
Үн: - Ай, ий, эмне болду экен? Сиз жалгызсызбы?
Кыз: - Жок, бир бала бар.
Үн: - Ошол баланы чакырыңызчы.
Бала: - Алло!
Үн: - Балам, кандайсың? Туулган кү-үнүң мееенен!