Камактагы америкалык Олимпиада чемпиону орусиялык Виктор Бут менен алмаштырылды

АКШ менен Орусия туткундарды алмашуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Анда камактагы америкалык баскетбол жылдызы Бриттни Грайнер АКШда курал-жарак сатуу боюнча айыпталып түрмөдө отурган орусиялык ишкер Виктор Бут менен алмаштырылды.

Туткундарды алмаштыруу бүгүн, 8-декабрда эртең менен Абу-Дабиде болгон. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги туткундарды алмаштыруу тууралуу маалыматты тастыктаган.

Бриттни Грайнер баңгизат ташыганы үчүн Орусияда 9 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми орусиялык ишкер Виктор Бут АКШда 2008-жылы кармалып, 25 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан