Beeline заманбап IT-кесиптерге дагы 75 бактылуу адамды окутат

Beeline Кыргызстандын бардык аймактарынан дагы 75 жаш улан-кыздарды эмгек рыногунда талаптуу IT-кесиптерге окутат. Жакында эле уюлдук оператор IT-курстарда акысыз окуунун экинчи агымына болгон каттоону жапты.

Окутуу долбоорунун экинчи агымына катышууга Beeline 1800дөн ашык арыз алды. Алардын ичинен 45 адам тандалып алынды. Алар Beeline тарабынан атайын тандалган менторлордун жетекчилигинин алдында төмөнкү үч багыт боюнча окушат:

  • Долбоорлук менеджмент (окуу мөөнөтү 3 ай);
  • Data Science – чоң маалыматтар жөнүндө илим (окуу мөөнөтү 6 ай);
  • Тутумдук администрациялоо (окуу мөөнөтү 4 ай).

Бишкектен тандалган катышуучулар компаниянын коворкинг-борборунда жана кеңсесинде офлайн, ал эми аймактардан тандалган улан-кыздар – онлайн окушат. Ар бир тайпада аймактардан жана борбор калаадан тандалган катышуучулардын балансы сакталат.

«Долбоор сапаттуу жана инновациялык билим ала алган жана IT-коомдоштугундагы алдыңкы адистердин классына кошула ала турган жаш кыргызстандыктарга ылайыкталган. Бүтүрүүчүлөр алынган техникалык билимдерин иш жүзүндө колдоно алышат жана өлкөнүн ири компанияларына жумушка орношууга мүмкундүк алышат», – деди Beeline компаниясы.

Компания SQL (Big Data Analyst) жана Маалымат коопсуздугу сыяктуу багыттар боюнча окууга катышуучуларды топтоо уланып жатканын белгилейт. Долбоорго катышуунун акыркы мүмкүнчүлүгү – 10-декабрга чейин SQL багыты боюнча жана 15-январга чейин Маалыматтык коопсуздук багыты боюнча арыз берүү. Долбоорго 30 адам катыша алат. Тезинен катталып, Beeline менен заманбап IT-кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн колуңуздан учурбаңыз.

Буга чейин заманбап IT-кесиптерге окутуунун биринчи агымынын алкагында Beeline Кыргызстандын бардык аймактарынан 60 адамды тандап алган. Алар жаңы кесипти гана үйрөнбөстөн, эл аралык компанияда стажировкадан өтүп, баалуу сыйлыктардын ээлери болууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Билим берүү долбоору Beeline тарабынан Билим берүү демилгелери фонду менен биргеликте толук акысыз ишке ашырылат. Компания бул долбоорду өлкө боюнча өсүп келе жаткан муунду өнүктүрүүгө багытталган социалдык стратегиянын алкагында ишке киргизген. Ошентип, Beeline өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнө, өзгөчө артыкчылыктуу багыт болуп саналган жаштардын өнүгүүсүнө салым кошууда.

Толук маалымат алуу жана курстарга катталуу үчүн https://beeline.kg/ru/it-courses сайтына өтүңүз!

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан