Улуу британиялык модель Астрид Ветт Катардагы Дүйнө чемпиондугунун алкагында Аргентина-Австралия беттешине ачык кийинип барганы үчүн сынга кабылды.
"Вау, эмне деген оюн. Бул Дүйнө чемпиондугу", - деп социалдык тармактагы баракчасына жазып, ачык кийинип түшкөн сүрөтүн жүктөдү модель.
"Башка өлкөнүн эрежесин сыйла", "Бул Англия эмес, бул Катар", "Бул моделди кармап, анан камаш керек" деп жазышууда социалдык тармактын колдонуучулары.
Катардагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 18-ноябрда башталган. Чемпиондук 20-декабрга чейин уланат.