Кара-Балтадагы ишкердин өлүмүнүн бети ачылып, шектүү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул кылмышка шектелип 1993-жылы туулган Д.Б аттуу жаран кармалган.
"Бул кылмышка таарыныч себеп болгон. Тагыраагы, 2022-жылдын июнь айында жабырлануучу Х.И шектүү катары кармалган жаранды унаасы менен сүзүп алган. Андан кийин Х.И күнөөсүн моюнуна албай, Д.Бны сөгүп, окуя болгон жерден кетип калган", - деп билдиришти облустук милициядан.
Кармалган жаран соттун чечими менен Бишкектеги СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды.