Бүгүн, 9-декабрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык оюндары башталды.
Анда Хорватия менен Бразилия курамалары кез келип, Хорватия сенсациялуу түрдө Бразилияны пенальтилер сериясында жеңип алды.
Оюндун негизги убактысы 0:0 себинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча берилген убакытта Неймар сеп санын ачса, 116-мүнөттө Бруно Петкович сол буту менен топту дарбазага таамай багыттап, сеп санын теңеди. Оюн 1:1 себинде тең чыгуу менен аяктап, кезек пенальтилер сериясына келип жетти.
Пенальтиде Хорватия Бразилияны 4:2 себинде жеңип алды. Муну менен Хорватия курама командасы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.