Боом капчыгайындагы кафелердин биринде токтоп турган автобустан 5 миллион 200 миң сом акча каражатын уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милицияга 43 жаштагы К.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 17-ноябрь күнү Каракол-Бишкек каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган автобустан ири суммадагы акчаны уурдатканын билдирген. Арыз ээсинин айтымында, уурдалган акчаны Караколдон Бишкекке тааныштарына берип жиберүү үчүн айдоочуга беришкен.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Каракол шаарында жашаган 19 жаштагы В.И. жана Ю.Р. аттуу жарандар болуп чыгышты. Ал эми үчүнчү шектүү 27 жаштагы Каракол шаардык кеңештин депутаты К.М. аттуу жаранга мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.
"Кармалгандардын айтымында, алар мурда автобустарда жүк ташуучу болуп иштешкен жана бул автобуста кээде Каракол шаарынын ишкерлери Бишкек шаарынан товар сатып алуу үчүн акча салып жиберип тургандарын билишкен. Ушундан улам В.И. жана Ю.Р. акча каражаттарын уурдоону көздөшүп, ойлогон ойлорун ишке ашыруу үчүн шаардык кеңештин депутаты К.М. аттуу жаранды сунушташкан. Ал дагы алардын ойлогон кылмыш аракетине каршы болбой, макул болгон", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө иштери уланууда.