"Бери кел, акмак". Лионель Месси оюндан кийин нидерландылык футболчуну кемсинтти

Аргентина курама командасынын жылдызы Лионель Месси Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалындагы Нидерланды менен болгон оюндан кийин атаандаштарынын чабуулчусу Воут Вегорстко карата орой сүйлөдү.

"Эмнени карап турасың, бери кел, акмак? Бул жерден кет", - деген нидерландылык футболчуга Месси.

Анын мындай орой сүйлөгөн сөзү түз эфирге түшүп калган.

Оюндун жүрүшүндө Месси менен дал ушул футболчу бир нече жолу кагышкан.

"Лусаил" стадионунда өткөн беттеште Аргентина Нидерландыны пенальтилер сериясында жеңип, жарым финалга чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2022-12-10 17:51:00
Оюндан четтетип коюш керек именно Мессини
-1
make2
2022-12-10 19:30:00
Месси молодец голандиянын тренерлерин, оордуна койду, бизде Мессиден мыкты оюнчулар бар, Мессини ойнотпойбуз деп кыйын болушту эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан