Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз 2 жарым тонна лимон алып келе жаткан жаран кармалды (фото)

Лейлек районунда аткезчилик жүк ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер аткезчилик жүк ташып бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасын токтотушкан. Текшерүү учурунда унаадан 2500 килограмм лимон табылган. Аткезчилик жүктү Тажикстандан Кыргызстанга Кыргыз жараны алып келе жаткан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аткезчилик жүктүн баасы 300 миң сомдон ашкан.

"Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Toxa76
2022-12-10 14:30:00
Машинесин алып,лимонду мектеп детсад больница га таркатып бериш керек.Окмот котунду кысып контрабанда кылба, дегенден кийин кысып отур да.Граница чечилгенге чейин
+3
Asmat84
2022-12-10 15:36:00
Toxa76 андай дегениң менен мындай көрүнүштөр токтобой атат да акчасын бергендер өтүп атат акчасын азыраак бергендерди кармап атышат. Болбосо 2,5 тонна товарды кантип откорушмок эле
+1
Ulia...
2022-12-10 21:37:00
Лейлекте андайлар дагы күч ала баштады аз акча бергендерди чыгарып койот визитный карточка кылып
0
erkegenje
2022-12-11 11:41:00
Айяш авалар арнамысынар олуп калыптыр эх атин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан