Бүгүн, 11-декабрга караган түнү Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттештери болуп өттү.
Биринчи оюнда Африкадан келген Марокко курамасы күчтүү делген Португалия менен кез келип, оюн 1:0 эсебинде африкалык команданын жеңиши менен аяктады. Беттештеги жалгыз голду 42-мүнөттө марокколук чабуулчу Эне-Несири ачты. Калган бөлүктө эсеп сандары өзгөргөн жок.
Муну менен Марокко Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Экинчи оюнда Англия менен Франция кез келип, оюн 2:1 эсебинде Франциянын жеңиши менен аяктады.
Француздар эрте эле гол киргизе алышты. Тагыраагы 17-мүнөттө жарым коргоочу Аурельен Тчуамени 25 метр алыстыктан кубаттуу сокку узатып, эсеп санын ачты. Экинчи бөлүктүн 54-мүнөтүндө Гарри Кейн пенальтиден эсеп санын теңесе, 78-мүнөттө Оливье Жиру Францияга жеңиш алып келген голду киргизди.
Жыйынтыгында оюн 2:1 эсебинде Франциянын жеңиши менен аяктап, Франция жарым финалга чыкты.
Франция менен Марокко жарым финалда ойнойт. Бул оюн 15-декабрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.