Футбол боюнча Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду Дүйнө чемпиондугунда Мароккого утулгандан кийин көз жашын тыя албай, талааны таштап кетти.
Роналду бул оюнда алмашууда отуруп, экинчи бөлүк башталганда талаага чыкты. Ал командасына эч кандай жардам бере алган жок. Финалдык ышкырык жаңыргандан кийин атактуу футболчу көзүнө жаш алып, дароо талааны таштап кетти. Ал чечинүүчү бөлмөгө чейин ыйлап барганы түз эфирде көрсөтүлдү.
Оюн 1:0 эсебинде Марокконун жеңиши менен аяктаган.