"Катар-2022": Аргентинада Лионель Мессинин сөзү үчүн көйгөй жаралууда

Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалындагы Нидерланды-Аргентина беттешинен кийин ФИФА уюму Аргентина футбол федерациясына дисциплинардык иш козгоду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга себеп дарбазачы Эмилиано Мартинес менен чабуулчу Лионель Мессинин беттештин башкы калысы Матеу Лаоско айткан сөздөрү болду. Месси калыстын деңгээли турнирдин деңгээлине туура келбей турганын айтса, Мартинес Матеу Лаосту Дүйнө чемпиондугундагы эң начар калыс деп атаган.

Ошондой эле Аргентина курама командасынын оюнчуларынын беттеш учурундагы жүрүм-туруму дагы каралат. Анын ичинде Леандро Паредестин атайылап атаандаш футболчулар отурган отургучка топту тебиши, аргентиналык оюнчулар пенальтилер сериясы аяктагандан кийин нидерландылык футболчуларды шылдыңдап майрамдашы дагы каралат.

Чечим жарым финалдагы Аргентина-Хорватия беттешинин алдында кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2022-12-11 13:48:00
Оюндан четтетип койсо экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан