Дүйнө Кубогу: Айсулуу Тыныбекова америкалык балбанга жеңилип калды

АКШнын Коралвилл шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова америкалык балбанга жеңилип калды.

Тыныбекова алгачкы беттешинде кытайлык балбанды 4:0 эсебинде жеңген. Андан кийин америкалык Кайла Миракл аттуу балбан кыз менен кез келип, 9:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Айсулуу Тыныбекова дал ушул америкалык балбанды былтыр Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында жеңип алган.

Финалда Тыныбекова Кайла Мираклды 7:0 эсебинде жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан