Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун жубайы Жоржина Родригес улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Фернанду Сантушту Роналдуну Мароккого каршы оюнда алмаштырууга калтырып койгондугу үчүн сынга алды.
"Бүгүн сенин досуң жана машыктыруучуң туура эмес чечим кабыл алды. Ал оюнга киргенде баары өзгөргөнүн көрдү, бирок кеч болуп калган. Дүйнөдөгү эң мыкты оюнчуну, эң күчтүү куралын баалай алган жок. Жашоо бизге сабак берет. Бүгүн биз утулган жокпуз, үйрөндүк. Криштиану, биз сага суктанабыз", - деп жазды Жоржина Родригес социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Мароккого каршы оюнда Криштиану Роналду экинчи бөлүктө алмашууга чыккан. Оюндан кийин башкы машыктыруучу Фернанду Сантуш Роналдуну негизги курамда талаага чыгарбаганына өкүнүп жатканын билдирген.
Оюн 1:0 эсебинде Марокконун жеңиши менен аяктаган.