Бишкекте катталган жол кырсыгынан алты бала жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы кечээ, 11-декабрь күнү түштөн кийин болгон.
"Жайыл Баатыр көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан Тойота-МР2 унаасы Ала-Арча көчөсү менен кесилишкен жерден оң рулдуу Тойота Виш үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2010-жылы жана 2011-жылы туулган алты бала жабыркап, бардыгы ооруканага жеткирилген", - деп жазылат билдирүүдө.
Өз кезегинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга оң рулдуу унааны айдап бара жатканда ашып өтүү эрежелерин так сактоого чакырды.