Англия курама командасынын жарым коргоочусу Жордан Хендерсон Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттештин алдында француз чабуулчусу Килиан Мбаппени көз жаздымда калтырып, кол алышпай койду.
Окуя беттеш башталар алдында эки команда талаага чыгууга камданып жатканда болгон. Ал жакка Хендерсондон бир аз кечирээк келген Мбаппе англиялык футболчу менен учурашуу үчүн колун сунган. Бирок ал бул ишаратына жооп кайтарган жок жана франциялык чабуулчу тарапты караган дагы эмес. Мбаппе Хендерсондун мындай жоругуна жылмайып жооп кайтарып, андан кийин андан алыстады.
Беттеш 2:1 эсебинде Франциянын жеңиши менен аяктап, Франция жарым финалга чыкты.