Өлкө аймагына күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдады.
Ага ылайык, жүргүзүлгөн иш-чарада узак убакыт бою Казакстандан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүүнү уюштуруп, эсепке алынбаган продукцияларды жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусу менен легалдаштырып, андан ары негизинен республиканын түштүк аймактарына сатууну уюштурушкан адамдар аныкталды.
"Ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз каналдын уюштуруучулары Ш.М. жана Д.О., ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору М.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда атайын кызмат тарабынан бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.