Чүйдүн Капиталдык курулуш башкармалыгында жемкорлук аныкталды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Турак жай-курулуш департаментинин кызмат адамдары мамлекеттик бюджеттен 30 миллион сомдон ашык акчаны мыйзамсыз чыгарып алууга шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн жасалма кошумча келишимдерди түзүү менен подрядчы "С.Т." ЖЧКсынын пайдасына 30 миллион сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылган эмес.

"Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында подряддык компаниянын директору К.А.Д. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аныктоого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан