Бокс: Англияда мушкер айым таразага түшүүгө ачык кийинип чыгып сынга кабылды

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Эбани Бриджес титулдук беттештин алдында таразага ачык ич кийим менен чыгып келди.

36 жаштагы австралиялык мушкер айым Лидс шаарында мекендеши Шеннон О'Коннеллге каршы чемпиондук титулун коргоду. Ал беттештин алдында күйөрмандарын таң калтырды.

Ал таразага түшүүгө өтө ачык кийим менен чыкты. Буга көпчүлүк күйөрмандар нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Айрым күйөрмандар мушкерди айыптап, О'Коннеллдин жеңишин каалашса, башкалары Эбанини "денесин сатты" же "сексуалдуулугун жарнамалап жатат" деп айыпташты.

Беттеш Эбани Бриджестин жеңиши менен аяктады. Ал 10 раундга созулган беттештин 8-раундунда атаандашын нокдаунга учураткандан кийин калыс беттешти токтотту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан