Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"5-декабрда саат 09:30да "102" кызматына борбордук өлүкканадан чалуу болуп, аларга белгисиз адамдын сөөгү түшкөнүн айтышкан", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Милиция тарабынан каза болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал 1969-жылы туулган А.А. болуп чыккан. Анын денесинен жаракаттар аныкталган.
Аталган факты Ленин райондук милициясына каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип 1971-жылы туулган К.С., 1991-жылы туулган Ы.У. жана 1986-жылы туулган И.В. аттуу жарандар кармалган. Сот кармалгандарга карата 1 айга камоо чечимин кабыл алды.
Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.