18 жаштагы америкалык мушкер Рауль Росас UFC уюмунда ийгиликтүү дебют кылгандан кийин уюмдун башчысы Дана Уайттан апасы үчүн бонус сурады.
UFC тарыхындагы эң жаш мушкер катары тарыхта калган Росас кенже дебюттук беттешинде 29 жаштагы Жей Перринди жеңип, андан соң Дана Уайттан апасына унаа алуу үчүн бонус сурады.
"Мен апама унаа сатып алуу үчүн 50 миң доллар бонус сурайм. Ал мени спорт залга алып барып турат", - деди ал.
Ошондой эле ал айдоочулук күбөлүгү жок экенин айтып, унааны апасына белек кылгысы келгендигин билдирген. Рауль максатына жетти, анын ысымы UFC 282 турниринде бонус уткан мушкерлердин тизмесине кирди.