Коңшу Казакстандын Мангистау облусунда эркек киши өзүнүн үч баласын асып өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 11-декабрь күнү кечинде болгон. Анда 38 жаштагы жаран өзүнүн 4, 8 жана 10 жаштагы уулдарын асып өлтүрүп, андан кийин өзү асынып алган. Жансыз денелер табылган жерден аудио жазуу табылган. Анда маркум аялына жанын кыйаарын, өзү менен кошо балдарын дагы ала кетерин айткан.
Окуя үй-бүлөлүк чыр-чатактан келип чыккан. Аялы ажырашаарын айтканда жолдошу ушундай кадамга барган.
Учурда тергөө иштери уланууда.