“Милиция кызматкерлерине кол көтөрүп...”. Чүйдө мас абалында жол эрежесин бузган жаран кармалды

Чүйдө мас абалында жол эрежесин бузган жаран кармалды. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, Лебединовка айылында мас абалындагы жаран жол эрежесин бузуп, милиция кызматкерлерине кол көтөрүп жана алардын кызматтык формаларын айрып салган. Окуя бүгүн, 13-декабрда саат 01:30 чамасында орун алган.

“Айдоочу унаасын токтотпой качып, ЖКККнын кызматкерлери артынан кубалап, токтоткон учурда айдоочу милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбай, кол көтөрүү менен коштолгон каршылык көрсөтүп, кийип жүргөн кызматтык формаларын айрып салган”, - деп билдиришти милициядан.

Аталган факты каттоого алынып, "Бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Айдоочу 38 жаштагы П.П. аттуу жаран экени такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан