Бүгүн, 14-декабрга караган түнү Катардын Лусаил шаарындагы "Сусаил" стадионунда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык беттеши болуп өттү.
Анда Лионель Месси баштаган Аргентина курама командасы менен Хорватия командалары кез келип, оюн 3:0 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктады.
Беттештеги алгачкы голду 34-мүнөттө түштүк америкалык чабуулчу Лионель Месси ачты. Ал пенальтиден гол киргизди. Арадан 5 мүнөт өткөндөн кийин Аргентинанын чабуулчусу Хулиан Альварес эсеп санын 2:0гө айлантты.
69-мүнөттө Хулиан Альварес беттештеги экинчи голун киргизди. Ага Лионель Месси пас чыгарып берди.
Жыйынтыгында беттеш 3:0 эсебинде аргентиналыктардын жеңиши менен аяктап, Аргентина курама командасы тарыхында алтынчы ирет Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.
Аргентинанын финалдагы атаандашы бүгүн аныкталат.