Бүгүн, 14-декабрда Бишкектеги "Газпром балдарга" спорт комплексинде салтка айланган "Мурас" турнири старт алды. Турнирге өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышууда. Анын командасы "Спорттук федерациялар" командасы менен беттешет.
Садыр Жапаров бул оюнга негизги курамда чыгат жана ал 11-номурда ойнойт.