Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин, шаардык мэриянын, Жалал-Абад аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын жооптуу кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан парк зонасынын 11,2 гектар жер аянтын мыйзамсыз жеке менчикке сатып жиберишкен. Муну менен мамлекетке 259 миллион 41 миң 90 сомдук зыян келтиришкен.
Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан жогоруда аталган кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.